Калкты тейлөө борборунун кызматкерлерин дооматынан баш тартуусун талап кылышууда

Бишкектин калкын тейлөө борборунун (КТБ) кызматкерлерин бүгүн эртең менен жетекчиси чогултуп, дооматынан баш тартуусун талап кылган. Эскертсек, жамаат "Инфоком" мамлекеттик өндүрүштүн директоруна колдоо көрсөтүп, премьер-министрге жөнөтүлүүчү катка кол коюп чыгышкан. Бул тууралуу "ВБ"нин корреспондентине КТБнин кызматкерлери айтып беришкен.

"8:30 баардыгыбызды жыйынга чогултушту. Директор мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Эрлан Сапарбаевге жазылган катты көрсөттү. Анда биз "Ар Намыс" партиясына жана МККга эч кандай нааразычылыгыбыз жок деп жазылган экен. Ал каттын алдында бизге кол коюууну сунуштап, андан мурун Исмаиловду колдоорубуз тууралуу жазган катыбыздан баш тартуубузду талап кылышты. Директор бул талабын, "Инфокомдун" директорун колдоп жатып, МККнын төрагасына көлөкө түшүрүп жатабыз деп түшүндүрдү", - деп кызматкерлер айтып беришти.

Эскерте кетсек, жакында Бишкектик КТБнин, паспортторду персонификациялоо Мамлекеттик борбордун жана "Инфокомдун" түштүк филиалынын 120 кишиси Жантөрө Сатыбалдиевге кат жөнөтүшкөн. Анда кызматкерлер МӨ "Инфокомдун" жетекчиси Кирилл Исмаиловду кызматында калтырып, аны куугунтуктоону токтотуусун суранышкан.

Маалымат үчүн

Бир нече жума мурда КТБнин жетекчиси болуп экс-президенттин иштерин башкаруучунун орун басары Салават Ормошев дайындалган. Ошондой эле, ал Бишкек шаардык кеңештин акыркы шайлоосундагы "Ар Намыс" партиясынын агитациялык кампаниясына катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД