Оппозициялык бирикме президенттен башкаруу формасын өзгөртүүнү талап кылды

Бүгүн, 15-февралда, "Парламентти таркатуу" бирикмеси тегерек стол учурунда президентке Кыргызстандагы башкаруу формасын өзгөртүү үчүн үч айлык мөөнөт берүүнү чечишти. Бул тууралуу тегерек столдун уюштуруучусу, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Мирослав Ниязов билдирди.

10 саясий партия жана "Парламентти таркатуу" бирикмелери Мирослав Ниязовдун жетекчилиги алдында тегерек стол өткөрүштү. Ниязовдун айтымында, жолугушууга түштүк региондон, Талас, Чүй облустарынан жана Бишкектен 40-50 жакын өкүлдөрү чогулушту. Күн тартибинде "башкаруунун ишке ашпай калган системасы жана мамлекеттүүлүктүн негиздерин талкалоочу" парламентаризмди жокко чыгаруу болду.

"Парламентаризм, кадрдык саясаттын бузулушуна алып келүүдө. Бул Куралдуу күчтөрдүн бир жектекчилик принципин талкалап жатат. Катышуучулардын бардыгы парламенттик система Кыргызстанга зыян келтирип жатканын бир ооздон айтып турушту", - деп Ниязов билдирди.

Анын айтымында, учурда кадрдык саясат профессионалдуулуктун негизинде жүргүзүлбөстөн, партиялык тиешелүүлүккө жараша жүргүзүлүп жатат. Мунун баардыгы калктын мамлекеттик органдарга болгон ишеничин жокко чыгарып жатат.

Активист Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу формасы ылайык экенин билдирип, президент тез арада чечим чыгаруусу керектигин белгиледи.

"Парламенттик форманы ишке ашпаганын моюнга алуудан тышкары, биримдик ЖКнын V чакырылыштагы депутаттарды демилгени өз колдоруна алууну талап кылышты. Ал эми Атамбаев мамлекет үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алуусу зарыл, болбосо иш татаалдашып кетет", - деди экс-катчы.

Ниязов февраль ичинде партиялар жана уюмдар үчүн кеңирирээк конференция уюштуруп, Кыргызстанды башкаруу формасынын жаңы концепциясын иштеп чыгаарын милдеттенди.

Эгер президент конституциялык реформага барбаса, анда "Парламенти таркатуу" биримдиги мыйзамдуу акцияларды уюштуруп, реформа үчүн колдорду топтоорун кошумчалады.

Айта кетчү нерсе, 2011-жылдын президенти Роза Отунбаева, 2020-жылга чейин конституцияны өзгөртүүгө болбойт деген норманы Негизги мыйзамга киргизип кеткен.

"Конституция эмне экен? Бул жөн эле кагаз! Аны өзгөртүп коюу эч кыйынчылык туудурбайт", - деген комментарийин Ниязов берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД