Жаңы тарых китебин тез арада "толеранттуу" кылууну чечишти

Кыргыз билим берүү академиясында орто мектептер үчүн жазылган тарых китептерин тез арада алмаштырууну чечишти.

Бүгүн, 15-февралда, Кыргыз билим берүү академиясындагы дискуссия учурунда жогорку класстар үчүн жазылган тарых китептерин кайра иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Талкулоодо тарых-окумуштуулары, ЖОЖдордун мугалимдери, президенттик аппараттын өкүлдөрү, саясий партиялар, МЭУ жана РФ элчилигинен адистер келип катышышты. Жалпы пикирди Билим берүү академиясынын президенти Советбек Байгазиев жана КРСУнын профессору Александр Кацев калыптандырышты: жакынкы аралыкта орто мектептер үчүн тарыхый китептердин жаңы сериясын чыгаруу зарыл. Бирок алгач алар улут аралык кагылышууларга алып келбөөсү үчүн, кылдат апробациядан жана кеңири коммчулуктун талкулоосунан өтүүсү зарыл. Бул 1916-жылдагы көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата чыгыш керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД