Бүгүн футзал боюнча аялдар арасында Кыргызстандын чемпионаты башталат

Кант шаарында бүгүн, 18-февралда, футзал боюнча аялдар арасында Кыргызстандын чемпионаты башталат.

Кырызстандын футзал боюнча федерациясынан билдиргендей, чемпионатка сегиз команда катышат жана алар өз ара эки топко бөлүнгөн.

Жыйынтыктоочу оюн 22-февралда өтүп, ага Юрий Ерошенко калыстык кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД