Эрлан Абдылдаев: Борбор Азиядагы абал оор бойдон калууда

"2013-жылы Борбор Азиядагы абал оор бойдон калууда", - деп бүгүн, 18-февралда, парламенттик комитеттин эл аралык иштер боюнча жыйынында КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, региондогу чыңалуунун бирден-бир себеби, 2014-жылдагы Ооганстандын территориясынан эл аралык коалиция аскеринин чыгарылышы болуп келет. "Ошондой эле, биздин мамлекеттин Өзбекстан менен болгон татаал мамилелери да сакталып келет, бирок келээрки жылы бир аз жылыштар болооруна ишеним бар. Мамилелерди жакшыртуу максатында Кыргызстандагы Өзбекстандын жаңы элчисинин шайлануусу күтүлүүдө. Өлкөлөр арасындагы чек аранын демаркация жана делимитация тууралуу маселелерди талкулоо жаңы этапка көтөрүлдү. Өзбектин Сох анклавында түзүлгөн кырдаалга да өзгөчө көңүл бөлүнүүдө", - деди Абдылдаев.

Ошону менен бирге чиновник Россия менен болгон мамиле динамикалуу жана позитивдик нукта өнүгүүдө. Буга КРдин Бажы бирикмесине кирүүсүнүн каралып жаткандыгы да күбө болуп бере алат. "Биздин негизги экономикалык шериктешибиз Кытай мамлекети болуп келет. Приоритеттүү тармакта, анын ичинде энергетика жана транспорт багытындагы кызматташуу тереңдетилип жатат", - деп Абдылдаев кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД