Аскер бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн өзү өлтүрдү

Бишкекте аскер бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн өзү өлтүрдү. Бул тууралуу укук коргоо органдардагы булактардан белгилүү болду.

Өткөн дем алыш күндөрү 19 жашар жигит увольнение алып, туугандарыныкына жөнөгөн. Ишемби күнү кечинде алар аны ванна бөлмөсүндө асынып калган кезинде табышкан.

Айтылган жерге райондук ички иштер башкармасынын оперативдик-иликтөө тобу барган. Каза болгондун кийимдеринин арасынан өлүм алдында жазылган каты табылган. Анда жаш жигит өзүнүн өлүмүндө эч кимди күнөөлөбөөсүн суранган. Милиция кызматкерлердин айтымында, жоокер асынып алардын алдында Ат-Башыда турган атасы жана Россиядагы энеси менен сүйлөшкөндүгү белгилүү болгон.

Бул факты боюнча аскер прокуратурасы иликтөө ишин баштады. Жаш жигитти суицидге эмне себеп болгону, иликтөө процессинде белгилүү болоору божомолдонууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД