Эксперт: Москвада кыргыз тили факультетин да ачуу зарыл

"Евразия бирикмесин катардагы адамдар колдооого алганда гана пайда болушу мүмкүн. Бул аларга кызык болуш керек, жана бул көрүнүш эки тараптуу болуусу зарыл, анын ичинде тил тармагы да камтылыш керек", - деген пикирин Европа жана Азия журналисттер Медиаконгрессинин төрагасы, Ломоносов атындагы МГУнун журналистика факультетинин СНГ жана Балтия мамлекеттери үчүн магистрдик топтун жетекчиси Ашот Джазоян билдирди. Бул тууралуу ал Москвада евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги маселелерге арналган тегерек стол учурунда маалымдады.

Джазояндын ишениминде, бул процесстин эки тараптуулугу, Россияда шериктеш мамлекеттердин тилин өрчүтүүгө түрткү болуп берет. "Бир эле Москва шаарында испан тилинин 70 кафедрасы бар. Ал эми англис жана француз тилдерин айтпай эле койсо түшүнүктүү. Бирок эмне себептен баардыгыбыз бир евразия мейкиндигинде болуп, анын негизин түзөбүз. Эмне үчүн ошол эле Москва шаарында армян тилинин же азербайджан, кыргыз, казак тилдеринин кафедраларын ачып болбосун?", - деген суроосун Джазоян салды.

"Менин пикиримде, Россия жалаң эле курал жарак жана ири аскердин негизинде куралбаса керек. Анда ар башка элдердин маданий өзгөчөлүгүн өнүктүрүүнүн чоң потенциалы концентрацияланган, - деп Джазоян улантты. – Брежнев КПССтин XXIV съездинде "совет эли" аталыштагы жаңы коом түзүү зарылчылыгын айткан. Советтер Союзу пропоганда менен идеологиянын негизинде турганы менен, анда кандайдыр бир жашоонун чындыгы жана философиясы болгон".

"Биз бир кездерде изилдөө жүргүзгөнбүз. Анда совет мезгилинде совет республикаларында чыккан адабияттын 90% орус тилинен которулган. Ал эми евразия биримдиги эки тараптуу болушу керек. Кадимки элдер муну иш жүзүндө сезүүсү зарыл", -деп Джазоян белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД