Мыйзам бузгандыктан былтыр 15 медициналык мекеменин жетекчиси жумуштан алынган

Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясынын сунушу менен финансылык мыйзам бузуу боюнча бир катар кызматкерлерге административдик чара көрүлгөн. Саламаттыкты сактоо уюмунун эки жетекчиси ээлеген кызматынан бошогон; беш жетекчиге сөгүш берилип, үч жетекчиге эскертүү берилген. Мындай билдирүүнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев министрликтин бүгүн, 18-февралда, өтүп аткан коллегиялык жыйынында билдирди.

Ошондой эле анын айтымында, ички аудит сектору 29 саламаттыкты сактоо уюмунда иликтөө жүргүзгөн. Алардын онунда арыздын негизинде текшерүү болгон. Психикалык саламаттык республикалык борборунун жана Фтизиатрия улуттук борборунда жүргүзүлгөн аудит боюнча материалдар Башкы прокуратурага берилген. Учурда кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголгон.

Калиев белгилегендей, 2012-жылы министрдин буйругу менен 130 кызматкерге дисциплинардык айып салынган. Анын ичинен саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери – 93, жетекчи орун басарлар – 13, башкы бухгалтерлер – 4, бөлүм башчылар – 4, дарыгерлер – 3, Саламаттыкты сактоо министрлигинин аппаратынын кызматкерлери – 13.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД