Vertex Goldду Кыргызстандан көзөмөлсүз алтын алып чыгууда деп айыпташууда

Жалал-Абат облусундагы Жамгыр алтын кенин иштеткен Vertex Gold Company ЖЧКсын Кыргызстандан Казакстанга курамында алтын бар рудаларды көзөмөлсүз алып чыгууда деп айыпташты. Мындай билдирүүнү КСДП фракциясынын депутаттары Галина Скрипкина менен Олег Домшенко жасашты.

Депутаттар ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгына таянуу менен кендеги алтындын запасы ал жерди иштеткен абийрсиз ишкана тарабынан уурдалып атканын жана мунун баарына Пайдалуу кендердин запасы боюнча мамлекеттик комиссия менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги жол берүүдө деп маалымдашты.

"2004-жылы жүргүзүлгөн чалгындоо иштеринин жыйынтыгына ылайык кендеги алтындын көлөмү 6, 387 тонна деп белгиленген. Vertex Gold Company ЖЧКсы кенди иштетпей туруп эле, 2009-жылы алтындын жана металлдын запасынын көрсөткүчүн кайра кароону демилгелеп, жыйынтыгында кайра баалоодо анын көлөмү 1, 287 тоннага чейин түшүрүлгөн",- дейт эл өкүлдөрү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД