7-апрель боюнча сотто БТРдин дөңгөлөгүнө ок атылганын айтып беришти

Бүгүн, 18-февралда, 2010-жылдагы апрель окуялары боюнча сот отурумунда "Мен "Ак үйгө" келе жаткан бронетранспортердун дөңгөлөгүнө он жолу ок аттым", - деп УКМКнын "Альфа" бөлүмүнүн кызматкери Талантбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, "Ак үйгө" келген соң "Альфа" бөлүмүнүн контр-снайпери болгондуктан дароо эле жогорку этаждардын бирине көтөрүлгөн. Ал жактан кесиптештери менен бирге позицияга турушкан. Анын алдында, кабинеттердин биринде калган чоң кызды чыгарып кетүү буйругун алган. "Кабинетти Чүй көчөсү тарабынан аткылап жатышкан, терезеге жакындоо абдан коопту эле. Мен позицияга туруп, байкоо жүргүзгөнгө аракет кылдым", - деди Мамбетов.

Ал ошондой эле "Ак үйдүн" кабаттарында куралданган бейтааныш кишилерди көргөнүн кошумчалады.

Мамбетов 10 чакыруучу рациядан БТРди токтот деген буйрукту алганын айтып, ага 10 жолу ок айтканын кошумчалады. "БТРдин дөңгөлөктөрү атайын материалдан жасалып, ага он жолу ок атылгандан кийин гана жаруу мүмкүн. Мен БТРдин дөңгөлөгүнө он жолу атып, анын кыймылын токтоттум", - деп түшүндүрмө берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД