10 мектепти куруу үчүн түрк кредитинен 135 миллион сом бөлүнөт

10 мектепти куруу үчүн 10 млн долларлык түрк кредитинен 135 млн сом каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети менен бюджет жана финансы комитетинин биргелешкен жыйынында Курулуш жана аймактык өнүгүү мамлекеттик агентигинин директору Каныбек Нарбаев билдирди.

Анын айтымында, мектепти курууга тендер жарыяланган.

Жыйында бир катар депутаттар ага көзөмөлдү ким жүргүзөт деп кызыгышты. Нарбаевдин айтымында, көзөмөлдү Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиги аркылуу текшерип турат. "Ошондой эле автордук жана техникалык да көзөмөл жүргүзүлөт",- деп кошумчалады ал.

Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев түштүктөгү үч районго 320 орундуу үч мектеп каралганын белгиледи. "Ошентсе да сметалык наркында дээрлик 10 млн сомдой айырма бар. Кантип мындай болуп калды? Эмнеге мынчалык чоң айырма бар?", -деп суроо салды ал.

"Өткөн жылы биз калыптык долбоорлорду кабыл алганбыз. Ошондо сметанын наркы максималдык түрдө кабыл алынган. Айырма болот, бирок анчалык көп эмес", - деп түшүндүрдү Нарбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД