Жогорку окуу жайлардын курамынан лицей жана колледждерди чыгаруу каралууда

Кесиптик билим берүүнү эки эсе көбөйткөнгө карабастан анын түзүмү жана кесиптик адистин ээлерине болгон талап анчейин талап кылынбай атат. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйынында анын жетекчиси Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн 10%ына орто кесиптик билим берүү көп жылдан бери пландалып келген. Мектеп бүтүрүүчүлүнүн дээрлик көпчүлүгү Жогорку окуу жайлардын алдындагы лицей менен колледждерге тапшырышат. Ал жакта гуманитардык багытта билим берилет.

"2013-жылы министрлик колледждерди жогорку билим берүү системасынан чыгарууга багытталган аракеттерди көрөт. Биз өз ишин улантууну каалаган колледждердин өз имараты жана юридикалык статусу болуусуна жетишишибиз керек. Андан сырткары быйыл орто кесиптик билим берүүдө аккредитациялык программа башталышы керек, ал билим берүүнүн сапатын жогорулатат", - деп белгиледи Садыков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД