Түлеев УКМКнын клиникасы дарылоону улантыш үчүн андан акча доолаганын айтты

Камакта отурган депутаттын айтымында, медкызматтын жетекчиси Нияз Алдашев УКМКнын стационарында дарылоону улантуусу үчүн андан 50 миң доллар доолаган.

15 февралда омбудсмен аппаратынын кызматкери Жакшылык уулу Камчыбек УКМКнын аскерий медициналык кызматына баш багып, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев менен кезиккен. Бул тууралуу укук башкы коргоочулардын пресс-кызматы маалымдады.

Түлеев ушул жылдын 14 январынан тартып, клиникада дарыланып жаткан. Сүйлөшүү учурунда Түлеев, аны УКМКынын СИЗОсуна акыбалы оор болгонуна карабастан, кайра которгону жатышканын маалымдады. Ошондой эле медкызматтын жетекчиси Нияз Алдашев УКМКнын стационарында дарылоону улантуусу үчүн андан 50 миң доллар сураган.

Омбудсмендин пресс-кызматы Түлеев дарыланып жаткандан бери медкызматта бир да жолу консилиум өткөрүлбөгөнүн баса белгилейт.

13-14-февралга карган түнү Антикоррупциялык кызматтын кызматкерлери Түлеевдин палатасында тинтүү жүргүзүшкөн. Ошол эле учурда башка палаталарда мындай иш-чара өткөрүлгөн эмес.

Ушуга байланыштуу Түлеев омбудсмендин өкүлүнө 15-февралдан баштап, УКМКнын СИЗОсундагы камерада кургак ачкачылык жарыялаарын билдирген. Ал ага карата жасалган мамилеге каршылык катары мындай кадамга барып жатаарын кошумчалады. Учурда анын кургак ачкачылыгы уланууда.

Омбудсмен Түлеевден оозеки арызын кабыл алып, акча өндүрүү тууралуу бардык жагдайды текшерип, камакта отургандын укугун коргоону өз көзөмөлүнө алмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД