Түлеевдин билдирүүсүнөн улам МУККнын бир катар жетекчилери кызматтан кетти

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу тергөө абагынын жетекчиси Мирбек Муканбетов жана МУККнын аскер-медициналык кызматынын жетекчиси Нияз Алдашев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда, МУККдагы ишенимдүү булак "ВБ"га билдирди.

Булактын айтымында, алардын кызматтан четтетилиши Нариман Түлеевдин МУККнын клиникасында дарылануусун улантуу үчүн 50 миң доллар сурагындыгы тууралуу билдирүүсү себеп болгон.

"Учурда Түлеевдин билдирүүсү боюнча тергөө жүрүүдө", - дейт булак.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД