Кайненесине болушкан күйөбала кайнатасын өлтүрдү

Бүгүн, 19-февралда, түнкү саат 2 лер чамасында Биринчи май РИИБсине өлтүрүү жөнүндө билдирме келип түштү. Бул тууралуу борбордук ШИИБнин пресс-кызматы маалымдады.

Оперативдик-иликтөө тобу кылмыш иши катталган жерге барып, үй ээсинин өлүгүн табышкан.

Алдын-ала иликтөө иштринен улам каза болгондун жубайы үйүнө кечки саат 23:00 келген. Кеч келүүнүн себебин сураган жолдошу чыр-чатак сала баштаган. Бул учурда үйдө болгон күйөбаласы кайненесине болушкан. Буга ызырынган кайнатасы муштум сала баштаган. Күйөбаласы ашканадагы бычакты ала калып, үй ээсин төшкө сайганы белгилүү болду. Алган жаракатынан улгайган киши тез жардам келгенге чейин көз жумган. Биринчи май РИИБсинин иликтөө бөлүмү "Өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Учурда иликтө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД