Манас таануу борборун ачуу демилгесин профилдик комитет колдоду

Бүгүн, 19-февралда, билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча парламенттик комитет Манас таануу борборун ачуу демилгесин колдоду.

Жыйын учурунда кмамлекеттик жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев борбордун курулуш планын көрсөттү. Анын айтымында, борборду "Ысык-Көл" мейманканасынын аркасындагы, "Манас айылынын" жанында салуу керек.

"Борбордун жалпы аянты болжол менен - 14,68га болуп, анда илимий-изилдөө борбору, Манас музейи, манасчыларды окута турган жай жана боз үйлөр салынышы керек", - деди Тургуналиев.

Бул долбоор сөзсүз мамлекеттин бюджетинен каржыланышы керек. "Саясатчылар Батыштын жагымсыз идеологиясын таңуулап, биздин элдин түштүк жана түндүккө болүп жатышат. Ошол себепте, бизге улуттук идеология зарыл. "Манас" татыктуу улуттук илеология болуп бере алат", - деген пикирин билдирди.

"Республика" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова борбордун курулушун улуттук долбоор катары алып чыгууну сунуштады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД