Ветеринардык иш чараларга 45 млн сомго биопрепараттарды сатып алышат

Мамлекеттик ветеринария департаменти февраль айынан тартып, бекитилген планга ылайык эпизоотикалыкка каршы иш чараларды жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Санитария, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздуктун мамлекеттик инспекциясынын пресс-кызматы кабарлады.

Күйдүргү оорусун алдын алуу максатында ушул жылдын январь айында 16,8 миң бодо мал, 57,7 миң майда жандыктар, 4,6 миң жылкы башы эмдөөдөн өткөрүлдү. Чечек оорусунан 190,6 миң кой, шарптан 22,3 миң бодо мал.

Мамлекеттик ветеринариянын райондук башкармалыгына, мамбюджеттен эпизоотикалыкка каршы биопрепараттарды алууга 44 млн 910 миң сомго тендер өткөрүү пландалууда. Мындан тышкары департаменттин адистерин иш сапар менен жер-жерлерге да жөнөтүү планга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД