ГЭСтеги авариянын негизги себеби, шаймандардын эскилигин аташты

ГЭСтеги авариялардын негизги себеби – бул узак мөөнөттөн бери эксплуатацияланып келгендиктен шаймандар өз ресурсун түгөтүп, электрдик изоляциясы бузулган. Бул туралуу, "Электр станциялары" ААКтын сайтында жазылган.

Маалыматка ылайык, ГЭСте болуп жаткан аварияларда кызматкерлердин күнөөсү жок. Буга Мамлекеттик экотехинспекция комиссиясынын жыйынтык иши да далил болуп бере алат. ГЭСтеги бардык авариялык фактылар боюнча иликтөө жүргүзүлүп, шаймандардын бузулушунун себеби, көрсөтүлүп, иликтөө актылары түзүлгөн.

"Курпсай ГЭСиндеги №4 трансформаторундагы авария, электродинамикалык күчкө салуудан сырткы кыска замыканиеден улам түрүү агрегаты иштен чыккан. Шаймандардын эскилиги жеткен", - деп билдирмеде жазылган.

Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттын бузулушу да, узак убакыттан бери тынымсыз эксплуатацияланган агрегаттын эскилиги жеткендиги үчүн келип чыккан.

"бардык учурда персонал өз маалында чара көрүшүп, бузулуп калууларды аныктап, оңдоп келишкен. Авариянын себептери техникалык факторго байланыштуу болгондуктан, станциянын жамаатына административдик чара көрүлгөн жок. Компаниянын жетекчилигине болсо, ар бир авария болгон сайын административдик жазаланат", - деп сайтта жазылган.

Эскилиги жеткен негизги шаймандар: гидротурбиналар – 54%; трансформаторлор – 70,0%; гидрогенератор жана тургенераторлор – 77,0%, аккумулятордук батареялар – 85,0%; жогорку вольттук өчүргүчтөр – 8/2,0%; ж.б.у.с.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД