Кыргызстандык жаран Москвада адам уурдаган деп шектелүүдө

ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынан билдиргендей, Түштүк Бутово районунда төрт киши кармалган, алардын арасында Кыргызстандын жараны да бар. Алардын бардыгы (калгандары Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын жарандары) тоноо максатында киши уурдаган деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, алар 17-февралда курмандыгын бычак менен коркутуп, "ВАЗ-2109" үлгүсүндөгү машинага зордоп салып, белгисиз жакка алып кетишкен. Бул окуяга автобустун жүргүнчүлөрү күбө болушкан. Алар полицияга чалышкан жана машинанын номерин жарым жартылай гана эстеп калышкан. Бул маалымат кылмышкерлерди кармоого жетиштүү болгон. 10 мүнөт өткөндөн кийин жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери Волгоград прспектисинен шектүүлөрдү кармашкан.

Кийин белгилүү болгондой, алар өз курмандыгынан 60 миң рублду тартып алышкан. Полиция кызматкерлери куткарган 25 жаштагы киши, аны тоногондорду биринчи көрүп атканын жана аларга эч нерсе карыз эмес экенин билдирди. Алардын бардыгы камакка алынды. Учурда алардын өздүгү такталып, башка кылмыштаргы тийиштиги барбы-жокпу текшерилүүдө. Полиция кызматкерлеринин айтуусунда, бул жасаган кылмышы үчүн алар 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД