Кыргызстандык Ташчайнар "Украина менин талантым" конкурсунун кийинки туруна өттү

Ташчайнар лакап аты менен таанылган Нурлан Алишеров "Украина менин талантым" ("Украина мае талант") конкурсунун кийинки туруна өттү. Бул тууралуу Ташчайнар өзү "ВБ"га билдирди.

Ал жакында эле Киев шаарынан кайтып келди. Украинанын борборуна Ташчайнар продюсери жана жардамчысы менен барган.

"Бул жолу жаңы номерлерди көргөзгөн жокпуз. Калыстар видеоматериалдардын негизинде катышуучуларды тандап алды",- дейт Алишеров. Ошентип, 100 катышуучунун жарымы кийинки турга өтүштү. 50 кишинин арасында кыргызстандык да бар.

"Бир нече күндүн ичинде уюштуруучулар чалып, кийинки тур кандай болот билдиришет", - деп кошумчалады Ташчайнар. Кыргызстандык балбан ийгилик жаратып, жеңишке жетем деп тилек кылууда.

Белгилей кетсек, кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков да "Украина менин талантым" конкурсуна катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД