Көмүр кенин иштетүүчү компанияларда масштабдуу текшерүүлөрдү жүргүзүшөт

Техникалык жана экологиялык коопсуздуктун мамлекеттик инспекциясы жана Кыргызстандын Тоо-металлургиялык профсоюзу ушул жылы көмүр кенин иштетүүчү компаниялар коопсуздук техниканын нормаларын сактагандыгына масштабдуу текшерүү жүргүзүшөт. Бул тууралуу "ВБга" бүгүн, 20-февралда, Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы, Мамлекеттик геологиялык агенттиктин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Эльдар Таджибаев билдирди.

Анын айтымында, бул тармакта 140 жакын көмүр кенин иштетүүчү компания катталган. Бирок көпчүлүгүндө профсоюздук уюмдар уюшулуп, иш алып барышпайт. Текшерүүчүлөрдүн пикиринде бул "кызматкерлердин иштөө жана эс алуу шарттары жана коопсуздук техникалары өтө төмөн экенин айгинелейт".

"Жыл сайын бул тармакта ондогон кырсыктар катталат. Айрым учурларда, кырсык жумушчулардын өлүмүнө алып келет. Мисалы, 2012-жылдын 4-декабрында Көк-Жаңгактагы "Кыял" шахтасында газга ууланып беш киши каза табышкан. Абдан көп кырсыктар жашыруун бойдон калууда, себеби көмүр казуучу компаниялар жеке менчикте. Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрү укуктук жана социалдык коргоосуз калууда",- деди Таджибаев.

Биринчи текшерүү Баткен облусундагы Сүлүктү көмүр кенинде жүргүзүлөт. Ал жакта 20га жакын компания катталып, иш алып барышат. Андан соң коопсуздук техникаларынын сакталганын Кызыл-Кыя, Таш-Көмүр, жана Кара-Кечедеги көр кендеринде текшеришет.

Текшерүүдөн тышкары, жумушчуларга коопсуздук техниканын нормаларын сактоо тууралуу бекер сабактар өткөрүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД