Парламентте Садыр Жапаровду алып келүүнү кайтадан талап кылышты

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев Кумтөр маселесин талкуулоого Садыр Жапаровдун катышуусун камсыз кылып берүүнү төрага Асылбек Жээнбековдон талап кылды.

"Ал МУККнын тергөө абагында эч нерсе жасабагындыгы үчүн эле отурат. Чынында ал бул маселени көтөргөндөрдүн бири болчу. Бул пленардык жыйынга Жапаровдун катышуусун камсыз кылуу керек, анткени анын бул маселе боюнча айта турган көп нерсеси бар", - деди Абдиев.

Мындай сунушту депутат Жылдызкан Жолдошова да колдоого алды. Ал Жапаровдун бул тууралуу айтууга укугу бар экенин белгиледи. "Анткени ал Кумтөр боюнча депутаттык комиссияны жетектеген", - дейт депутат айым.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД