ЮНИСЕФ: Кыргызстандын айылдарындагы жаш балдардын 44% анемия менен оорушат

ЮНИСЕФтин алдын ала берген маалыматы боюнча, Кыргызстандагы айылдарда алты айдан эки жашка чейинки балдардын 44% аз кандуулуктан жабыркашат. Мындай маалымат бүгүн, ЖМКларга тарады. Бул "Ак ниеттүү башкаруу – социалдык адилеттүлүккө кадам таштоо" улуттук конференицясынын чегинде өткөрүлдү.

Ошондой эле Кыргызстанда жардылык көрсөткүч дагы эле өтө жогору болуп келгени белгиленет. Айыл жергесинде төрттөн үч бөлүгүнүн каражаты жетишсиз. 2010-2011-жылдары калктын 33,7% пайызы өтө начар шартта турушат. Ар бир үчүнчү адам азык-түлүктүн жетишсиздигинен жабыркайт. Ал эми ар бир бешинчи адам үчүн бул маселе, чечилгис деп эсептелинет. Кичине балдардын да тамак менен камсыз болуусу кооптонууну жаратат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД