Сариев: Кыргызстан ар дайым "Кумтөр" боюнча макулдашууларда уттуруп келген

Бүгүн, 20-февралда, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын айлана чөйрөнү сактоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуудагы нормалар жана талапарды сактоо, өндүрүш процессинин коопсуздугу жана калктын социалдык коргоосун текшерүү жана изилдөө максатында түзүлгөн Мамкомиссиянын отчетун пленардык жыйында талкулоо учурунда, экономика министри Темир Сариев кайрадан, Кыргызстан "Кумтөр" проектиси боюнча иш алып барып жатканда ар дайым макулдашуулардан өз кызыкчылыгын уттурганын эскертти.

"2004-жылы келишимдин негизинде биз 33% акцияларды алганбыз. Бирок кийин акцияларга баа көтөрүлө электе бир бөлүгү сатылган. Centerraнын менеджмент кызматкерлерине чоң суммадагы акча төлөнгөн, алар аны кийин Ирландияга которуп алышкан", - деди Сариев.

Ошондой эле чиновник бүгүнкү күндө Centerraнын эң чоң активи бул "Кумтөр" экенин белгилеп өттү. "Максим Бакиев "Кумтөрдүн" иштерине кийлигишип, көптөгөн маселелер боюнча ага Курманалиев жана Елисеев кеп-кеңешин берип турушкан", - деп Сариев кошумчалады.

Эскерте кетсек, мындан мурун парламентте экономика министри Темир Сариев 2009-жылкы "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашуу юридикалык процедуралардын бузуулуусу менен ратификацияланганын билдирген. Анын айтымында, мыйзамга ылайык коммерциялык уюмдар менен болгон макулдашуулар ратификацияланбайт. Бирок ал кезде "Кумтөр" проектиси боюнча макулдашууга эл аралык статус бергендин ордуна, парламент аны ратификациялап салган. Мыйзамга ылайык, эл аралык уюмдар менен гана макулдашуулар ратификациялана алышат. Сариевдин сөзү боюнча, Кыргызстандын бийлиги "Кыргызалтын" ААК жана канадалык алтын кен иштетүүчү Centerra Gold Inc тин ортосундагы 2009-жылы кабыл алынган макулдашууда инвесторлор "атайылап, Кыргызстан "Кумтөр" долбоору менен эч нерсе кыла албашы үчүн, келишимден баш тарткан учурда компенсация төлөөгө милдеттендирген. Макулдашуунун шарттарын сактабагандыгы үчүн компенсация төлөө жана анын суммасын соттор гана чечиши керек".

"Кумтөр" өндүрүшү жыл сайын Кыргызстанга жалпы оборотунун 13% салык түрүндө төлөп берет. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун өнүгүү фондуна каражат бөлүп, көлдүн экологиясына зыян келтиргендиги үчүн 310 миң доллар төлөп берет. Компаниянын жылдык таза кирешеси 1,2 млрд доллар, анын ичинен жарымы Кыргызстанга бөлүнөт. Сариев "Кумтөр" проектиси боюнча макулдашуунун денонсациясы кандай финансылык натыйжаларга алып келээри тууралуу эч кандай кабары жок экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД