Салыктык жаңылыктар россиялык күйүүчү май менен камсыздоочуларды чоочутту

2013-жылы Кыргызстандын нефтетрейдерлери жаңы кыйынчылыктарга туш болушту. Ал салык мыйзамындагы өзгөртүүлөргө байланыштуу. Мындай билдирүүнү бүгүн, 20-февралда, КРдин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакады Акенеев таратты.

Анын айтымында, 2012-жылдын 6-октябрында Кыргызстандын Салык кодексинин 217 беренесине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, отчеттук квартал үчүн кирешенин салыкка алдын ала суммасы салык төлөөчүнүн кошумча баага салык жана сатылуу салыгын эсепке албаганда жалпы кирешесинин 1% өлчөмүндө аныкталат.

"Мурда кирешеге салык мындайча эсептелчү: кирешенин суммасынан күйүүчү майдын өз баасынын суммасы кемитилип, ишкерлер түшкөн каражаттын 10% төлөшчү. Ал эми жаңы кодекс салыкты кирешеден эмес, түшкөн каражатка салып жатат. Бул салык төлөөчү бюджетке акчаны аванс менен киреше салыгынын эсебинен төлөп берет. Бирок салык төлөөчүнүн финансылык ал-акыбалы эске алынбайт", - деп Акенеев нааразычылыгын билдирди.

Мисал үчүн ал кандайдыр бир "А" компаниясын алалы. Ал ай сайын Кыргызстанга 1 млн доллар күйүүчү май алып келсин дейли. Анын кирешеси 5% же болбосо 50 миң доллар түзөт. Жаңы мыйзамга ылайык компания 10,5 миң доллар салык төлөөсү зарыл, бир жылда бул сумма 126 миң долларды чапчыйт.

"Эгер мурда компаниянын бир жылдык кирешеси, мисал үчүн, 600 миң доллар болсо, түшкөн кирешеден 10% салык, б.а. 60 миң доллар болмок. Нефтетрейдерлер адаттагыдан көбүрөөк төлөөсү керек экени ачык айрым көрүнүп турат. Күйүүчү майды ташып келүүчү алты нефтетрейдерлер иштөөдөн ачык эле баш тартып жатышат. Себеби, чыгашалары кирешени актбай калат дешүүдө", - деп Акенеев жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД