Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу Москвада концерт беришет

Бийчи Атай Өмүрзаков жана анын окуучулары "Тумар КР" тобу Москвада шоу-программа уюштурууну пландашууда. Бул тууралуу бийчи "ВБга" билдирди.

Анын айтымында, концерттин форматы, бир сааттык бий спектакли болот. Шоу 21- мартта, көпчүлүк россиялык жылдыздар өткөрүүчү, миңден ашуун орундуу "Россия" концерттик залында өткөрүлөт.

"Концертке биздин мекендештерден сырткары Россияда жашаган башка да көрүүчүлөр келет деген ишеним бар", - деди Өмүрзаков. Украиналык күйөрмандардын келээри да белгилүү болду. Андан сырткары, шоунун өзү чет элдик продюссерлерди да кызыктырууда. Алар башка өлкөлөргө турне уюштурууну сушуташууда.

"Биз азырынча программаны кантип атасак деп ойлонуп жатабыз. Башында апаларга байланыштыралы деп жатканбыз. Себеби, ар бир адам үчүн дүйнөдөгү эң кымбат, эң мээримдүү жана эң жакын кишиси болот. Бирок бир аз кечигип калдык. Концерт 21-мартта, Нооруз майрамында өткөрүлөт", - деди бийчи.

Атай телевизиондук версиясын да уюштурууга аракет кылаарын белгиледи. Андай боло турган болсо, анда концертке келген көрүүчүлөрдөн сырткары теле көрүүчүлөр да күбө боло алышат. "Эгер каражат өтө тартыш болбосо, анда 3D форматындагы шоу тартуулайбыз. Ал эми толкундануу сезими жөнүндө сөз кылсак, проектин масшабдуулугуна карабастан, өтө деле кооптондурган жок. Толкундануу сезими мен үчүн адатка айланып калгандай", - деп Өмүрзаков күлдү.

Анын айтымында, концерт учурунда көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эски номерлерден тышкары жаңылары да көрсөтүлөт.

Ошол эле мезгилде Өмүрзаков эл аралык "Я – танцор-2013" фестивалына да даярдык көрө баштаган. Өткөн жылдагыдай эле майрам Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлөт.

Андан тышкары Атай Ысык-Көлдөгү жайкы бий лагеринин уюштуруу иштери менен алек болууда. "Эки иш чара боюнча тең чет элдик артисттер жана бийчилер менен сүйлөшүүлөр башталды. Учурда келишимге кол кою этабында. Иш чаранын экөөсү тең, мурдагыдан да масштабдуу болоорун алдын ала айта алам. Күйөрмандарга бир нече сюрприз даярдалып жатат", - деди бийчи.

Өмүрзаков "Тумар КР" тобу тууралуу да кеп кылды. Анын айтымында, ал бир жылдан бери эл алдына чыга элек. "Менин ордума окуучуларым – "Тумар КР" тобу концерттерге катышып келет. Алар абдан таланттуу. Мага салыштырмалуу мыктыраак. Саламат, Азамат, Акыл жана Солто мегакреатив жана таланттын синтези. Алар мен беш жылда араң жеткен максатты, бир жылда эле аттап өтүштү", - деп Атай белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД