Абдыманап Кутушев: Жапаров митингди кылмыш иштерин жашырыш үчүн уюштурду

"Ата-Журт фракциясынын депутаты Садыр Жапаров 3-октябрдагы митингди өзүнүн кылмыш иштерине саясий боек бериш үчүн уюштурган", -деп бүгүн, 20-февралда, парламенттин отурумунда СДПК партиясынан депутат Абдыманап Кутушев билдирди. Жыйын учурунда "Ата-Журт" партиясынын депутаттары жыйынга УКМКнын СИЗОсунда бийликти басып алуу аракети үчүн отурган Жапаровду алып келүү маселесин кайрадан көтөрүшкөн.

Кутушевдин айтымында, "эгер Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын жетекчиси Жапаров митингге 40 жактоочусу менен чыгып, жөн эле өз позициясын билдирсе, анда баатыр аталмак". "Бирок Жапаровдун бакиевдерге тийиштүү имараттар менен болгон махинациялары тууралуу кылмыш иштери ачыкка чыга баштаганда, ал дароо митинг уюштурууга киришти. Бул мыйзамсыз иштерин саясатташтыруу максатында жасалган", -деди Кутушев.

СДПКдан вице-спикер өз кесиптешин колдоого алып, "Жапаровго окшогон каармандар баардыгына белгилүү". "Кумтөр маселесин мындан ары саясатташтырууну кереги жок, андан көрө чечимдерди кабыл алуу зарыл", -деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД