"Кумтөр" боюнча документтин жарымы жок кылынган

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-февралдагы, пленардык жыйынында "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчетин талкуулоо учурунда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаев министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө: "Кумтөрдүн" ишмердигинен кандайдыр бир жыйынтык көрөбүзбү?- деп суроо салды.

Ал ошондой эле кыргызстандык атка минерлерден "Кумтөр" боюнча документке ким кол койгонуна кызыкты. Бирок документтердин жарымы убагында жок кылынганы аныкталды.

Экономика министри Темир Сариев кээ бир келишимдер тийиштүү адамдардын чөйрөсүнүн кызыкчылыгы үчүн гана түзүлгөнүн белгиледи. Балтабаев кайтадан: Ошол убакта юстиция министри жана Башкы прокурор ким болгон? - деп кызыкты.

"Эмнеге биз саткындарды саткын деп атай албай атабыз? Эгер адам тоок уурдаса биз аны ууру деп атабыз. Биздин мамлекетке миллиондогон чыгым алып келгендерди саткын деп эмнеге атай албайбыз?" - деп суроо салды Балтабаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД