Кыргызстан менен Орусия "Кыргызгазды" сатуунун планын даярдашты

Биринчи-вице-премьер министр жетектеген өкмөттүк делегация 18-19-февралда Москвада "Газпром" ишканасынын өкүлдөрү менен "Кыргызгазды" сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

"Газпромдун" маалыматына ылайык, тараптар "Кыргызгазды" "Газпром" компаниясына сатуунун негизги маселелери каралды. Даярдалган планга ылайык, тараптар 2013-жылдын 1-апрелине чейин долбоордун шарттарын иштеп чыгуусу керек. Ошондой эле буга чейинки макулдашуу да талкууланган. Анда "Кыргызгаздын" 30 миллион доллардан ашык карызын төлөп, компанияны 1 долларга сатып алмак.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД