Министр: Centerra менен түзүлгөн бир да келишимдин түп нускасы бизде жок

"2003-жылы "Кумтөр" долбооруна Кыргызстандын өкмөтү менен канадалык Сenterra Gold Inc компаниясы кол койгон учурда юстиция министри "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов болгон",- деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-февралдагы, жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын айтымында, 2003-жылы канадалык компания боюнча келишимдин корутундусуна ошол учурдагы юстиция министри Курманбек Осмонов кол койгон. "Ошол учурда документке Юстиция министрлиги тарабынан кол коюлган. Бирок бизде анын түп нускасы жок. Биз аны тапкан жокпуз", - деди Шыкмаматов.

Ал эми Осмонов КР өкмөтү менен канадалык компаниянын түзгөн келишими боюнча 2008-жылы аны Жогорку соттун төрагалыгынан алган соң тергөө иштери болгонун белгиледи. "Укук коргоо органдары документтердин көчүрмөсү менен эмес, түп нускасы менен гана иштейт. 2011-жылы бардык документтер күйүп кеткен деп айтып атышат. Ошентсе да тергөөчүлөр 2008-жылы тергөө учурунда да документтин түп нускасын тапкан эмес. Ошентсе да документтин экинчи экземпляры Юстиция министрлигинде сакталышы керек эле", - деди ал.

Шыкмаматов болсо, Кыргызстандын Кумтөргө байланышкан келишим боюнча бир да документтердин түп нускасы жок экенин айтты. "Алардын бардыгы канадалык компанияда", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД