Өткөн жылдагы автокырсыктын күнөөкөрү табылды

Өткөн жылы Бишкекте автокырсыктын айынан бир адам каза тапкан. Авариянын күнөөкөрү табылып, камакка алынган. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда, ШИИБнин жолдордогу күзөт кызматынын башкармалыгы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2012-жылдын 14-сентябрында Чүй жана Жаш Гвардия бульварларынын кесилишинде ВАЗ-2106 автоунаа айдаган белгисиз адам жөө кишини тебелеп кеткен. Жабыркаган адам дароо каза болгон. Айдоочу кырсык ордунан качып кеткен.

Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери каза болгон кишинин ким экендигин аныктап, ал 1991-жылкы борбордун тургуну Каныбек уулу Адилет болуп чыккан.

Оперативдик издөө иш-чаралары улантылып, айдоочунун да аты жөнү аныкталган. Ал 1989-жылы туулган Темирбек Зайниев экени белгилүү болгон. Издөө бөлүмүнүн кызматкерлери аны Баткенден таап чыгышып, Бишкекке алып келишкен. Учурда ал ШИИБнин убактылуу камакка алуу изоляторунда. Иликтөө иштери улантылууда.

Милиция кызматкерлери күнөлүүнү кармоо үчүн өлкөнүн түштүгүнө өз каржаттарына барып келгендерин баса белгилешүүдө. Мындай иш чараларга ИИМдин кызматкерлерине мамлекеттен каражат бөлүнүшү керек эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД