Аксы районунан лицензиясы жок 17 миң бөтөлкө арак алынды

Мамлекеттик салык кызматынын этил спиртин өндүрүү жана сатууну көзөмөлдөө башкармалыгы 18-февралда Жалал-Абат облусунун Аксы районунда бир катар рейд өткөрүштү. Бул тууралуу МСКнын басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, рейд учурунда "Элор трейд" ЖЧКсынын складынан лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу жана сактоо аныкталып, түрдүү көлөмдөгү 17 406 бөтөлкө спирт ичимдиги алынган.

Тийиштүү чараларды көрүү үчүн материалдар Жалал-Абат облусту боюнча экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын башкармалыгына жөнөтүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД