Сокулук районундагы жол кырсыгынан 9 киши жабыркады

Сокулук районунда катталган жол кырсыгынан 9 киши жабыркады. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор белгилешти.

Жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторлорунун айтымында, БМВ үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу кайчылаш жолго чыгып, микроавтобус менен кагышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, микроавтобустун ичиндеги 7 жүргүнчү түрдүү деңгээлгедеги жарат алышкан. Ошондой эле жеңил машинанын айдоочусуна жана анын жанындагы жүргүнчүгө да медициналык жардам талап кылынган. Кагылышуу катуу болгондуктан алар жеңил машинанын ичинен чыга албай калышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери атайын механикалык жабдыктар аркылуу машинаны кесип, жабыркагандарды чыгарып, "тез жардамдын" дарыгерлерине тапшырышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД