Мамырова парламенттин жыйынын болгонун болгондой чагылдырууну талап кылды

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова Жогорку Кеңештин жыйынын толугу менен көрсөтүүнү талап кылды.

Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн жыйынын өзгөртпөй, кеспей көрсөтүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому чыккан. "Бул боюнча маалымат алуу үчүн Жогорку Кеңештин басмасөз кызматынын жетекчисин чакыргыла",- деди Мамырова.

Төрага Асылбек Жээнбеков депутат айымдын өтүнүчүн канааттандырууга макул болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД