Бишкекте бонсай япон искусствосу боюнча мастер-класс өтөт

Эртең, 22-февралда, борбордогу №5 мектепте бонсайды кайра отургузуу боюнча мастер-класс өтөт. Бишкектиктерди жана борбордун конокторун бул чеберчиликке Бишкектеги атактуу бонсайчылар Ашырбек жана Марат Райымкуловдор үйрөтүшөт.

"Бул искусствого көп деле каражат керектелбейт. Болгону, чыдамкайлыкты жана өсүмдүктөргө болгон сый-урматты талап кылат, - дейт Марат Райымкулов. – Мастер-класс учурунда биз чопо идиштерде чоңойтулган балакай бактарды кантип туура отургузуу зарыл экендигин көрсөтүп беребиз. Бонсай ашыкча эмгекти талап кылбайт. Бардык эле өсүмдүктөрдөй, аны маал-маалы менен сугарып, кыркып жана азыктандырып туруу зарыл. Эң негизгиси, бонсай, анын көркү эң мыкты ачылып, ажайып кооздукту тартуулап турган жерде туруусу керек".

Мастер-класс бекер өткөрүлөт. Башталышы – 18:00дө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД