"Кумтөр" боюнча мамкомиссия юридикалык компаниянын кызматына $250 миң короткон

"Кумтөрдун" ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия юридикалык компаниянын кызматына 250 миң доллар короткон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-февралдагы, жыйынында экономика министри, "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, дагы 20 миң евро экологиялык лаборатриялардын кызматына төлөнгөн. "Биз эл аралык "Мушкат" юридикалык фирмасын жана Германиядагы лабораториялардын эксперттерин тарттык. Алар экологияга келтирилген зыянды баалап, изилдеп чыгышты", - деди Сариев.

Белгилесек, "Кумтөр" боюнча маселени Жогорку Кеңеш кечээ да карап, мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулоо бүгүн да уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД