ММКФга жыл ичинде дарыгерлердин үстүнөн 222 арыз түшкөн

2,5 миң Кыргызстандын жараны Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) ишенич телефонуна чалышкан. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда, прес-конференция учурунда ММКФтин медициналык камсыздандыруу программаларынын ишке ашыруу башкармалыгынын жетекчиси Жыпаргүл Азизбекова билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылы дарыгерлерге 222 арыз келип түшкөн, анын 118 негизделген деп табылган. Арыздар боюнча чаралар көрүлүп жатат. Кээ бир врачтар ишке катышуу коэффициентисиз калышты, жетекчилерди кызматынан төмөндөтүштү, айрымдары өз ыктыяры менен жумуш ордун бошотуп кетишти. "Арыздардын көпчүлүгү – бул дары-дармектер менен камсыздоонун аздыгы, медициналык кызматтын сапатсыз тейленгендиги жана дарыгерлик этиканын жоктугу", - деди Азизбекова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД