Текебаев эки атажуртчуну "Кумтөр боюнча кара тизмеге" киргизүүнү сунуштады

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр маселеси боюнча "Ата-Журт" фракциясынын эки депутаты Мыктыбек Абдылдаев менен Курманбек Осмоновду кара тизмеги киргизүүнү сунуштады.

Текебаевдин айтымында, оппозициялык азчылык коалициясын жетектеген Абдылдаев "2009-жылы макулдашууну таңуулап атканда ал унчукпай отурган". "Ал ошол убакта башкы прокурор болуп турган, бирок эч нерсе жасаган эмес. Ал эми Курманбек Осмонов болсо, Жогорку соттун төрагасы болуп турганда келишимге кол коюу менен ал балким акция албаса да, өзүнүн алчусун алышы мүмкүн. Качып кеткен атка минерлерди айыптагандан мурун, бул залда жаныбызда чогуу отургандарды да караш керек", - деди Текебаев.

Төрага Асылбек Жээнбеков далили жок туруп, бир-бирин күнөөлөбөөгө чакырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД