Келдибеков: Алтындын калган запасын Кыргызстан өзү иштетиши керек

"Кумтөр кенинде калган алтындан запасын Кыргызстан өз алдынча иштетиши керек", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-февралдагы, жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков билдирди.

Анын айтымында, "бүгүнкү күнү кендеги алтындын запасы 953 тоннаны түзө турганы айтылууда". "Кенде 270 тонна алтын казылыптыр, ал 5 млрд 220 млн доллар деп бааланууда. Бул суммадан мамлекет 548 млн доллар гана алыптыр. Ал болгону 10%ды гана түзүүдө. Калган 683 тонна алтынды казып алууга биздин толук мүмкүнчүлүгүбүз бар, ал 15 млрд доллар деп бааланууда. Ошондой эле жалпы суммасы 500 млн долларга бааланган башка баалуу металдар бар. Бирок Кыргызстан бул баалуу металдардан эч нерсе алган жок", - деди Келдибеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД