Депутат Кумтөр боюнча отчеттогу 30 аткаминердин аттарын атоону талап кылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-февралдагы, жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков Кумтөр боюнча бурмаланган келишимге тийиштиги бар атка минерлердин аттарын атоону талап кылды.

Депутат мырза: "Жылдызкан Жолдошова "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы, экономика министри Темир Сариев отчетто 30 аткаминердин аттары бар деп айтканын белгиледи",- деп билдирди. "Комиссия эмне үчүн алардын аттарын тактабай атат? Биз кимдер тууралуу сөз болуп атканын билишибиз керек", - деди Мадылбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД