Премьер менен жолуккан Centerraнын жетекчиси сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген

"Канадалык Сenterra Gold Inc. компаниясынын башчысы Ян Аткинсон мени менен жолукканда Кыргызстан менен сүйлөшүүгө даяр экенин тастыктады", - деп Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-февралдагы, жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу сөз болгон жок. "Аткинсон менен биз үч жолу жолуктук. Биз аны менен мамлекеттик комиссиянын корутундусун уккандан кийин парламент чечим кабыл алат, анан биз өз шартыбызды айтабыз деп сүйлөштүк. Эгер канада тарап аны кабыл алса, келишим кайта каралат. Эгер кабыл албаса, келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу процедурасы болот",- деп түшүндүрдү Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД