Депутаттар Кумтөр боюнча маселени кийинки жумага калтырышты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-февралдагы, жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов Кумтөр маселесин талкуулоо учурунда эмне себептен 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу керектигин түшүндүрдү.

"2009-жылкы келишим Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган, бирок ратификациядан өтпөшү керек болчу. Азыр аны жокко чыгармайын иш ордунан жылбайт. Эгер канадалыктар биз менен макул болсо, шарттар мурдагы бойдон калат. Биз кандайдыр бир чечим кабыл алышыбыз керек. Парламент тарабынан ратификацияланбаган келишимди, министрлер кабинети бир тараптуу негизде денонсация кылса болот", - дейт Осмонов.

Социал-демократчы Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин үч токтомунун долбоору боюнча профилдик комитеттерди жыйындар болбогонун айтты. "Келгиле, кийинки жумада бул маселеге чекит коелу. Профилдик комитеттер бардык сунуштарды карасын, бардыгын талкуулап, анан палатага алып чыгалы", - деди Исаков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кумтөр маселеси боюнча маселени кийинки шаршембиге жылдыруу маселесин койду. Жантөрө Сатыбалдиев каршы болгон жок. "Биз баары бир чечим кабыл алышыбыз керек. Силер бизге канча мөөнөт коесуңар билбейм. Балким үч ай же андан да аз, бирок биз муну жасашыбыз керек", - деди Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД