Садыр Жапаровду сотто коргоого Мукар Чолпонбаевге уруксат берилген жок

Атажуртчу депутаттардын сот ишине төрагалык кылган судья Адыл Субанкулов буга чейин 2012-жылдын 3-октябрындагы митинг боюнча күбө катары өтүп аткан Мукар Чолпонбаевге камалган "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун адвокаты болуусуна уруксат берген жок.

"Мен митингди көрбөгөндүктөн бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берүүдөн баш тарткам. Бирок мени бары бир суракка алып, күбө катары жазышты", - деди Чолпонбаев.

Өз кезегинде айыпталуучулардын адвокаттары мурдагы күбөнүн адвокат болушуна каршы болушту. Мындай позиция менен мамлекеттик айыптоочу да макул болду.

Тараптардын пикирин уккан соң сот ишине төрагалык кылган сот Адыл Субанкулов Чолпонбаевге адвокат катары сотко катышуусуна жол берген жок.

Эскертсек, учурунда Мукар Чолпонбаев Жогорку Кеңештин төрагасы да болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД