Балдардын интернет клубка баруусун мыйзам менен чектөө сунушталды

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы менен Бишкек шаардык кеңештин жолугушуусунда шаардык кеңештин дептутаты Валентина Лисниченко мыйзам түрүндө өспүрүм балдардын сабак учурунда жана саат 21-00дөн кийин интернет клубадарга кирүүсүнө мыйзам менен чектөөнү сунуштады.

"Шаардык кеңештин комиссиясы балдардын кино көрүп, оюн ойношуна эч кандай чектөө киргизилген эмес деп бекиткен. Балдар порнографиялык жана диний-экстремисттик мазмундагы материалдарды кароого жагдай түзүлүп атат. Андай мүмкүнчүлүк алган балдардын орточо жашы 10дон 16 жашка чейин. Бул жаш куракта бир нерсени эрте кабыл алышат",- деди Лисниченко.

Ал ошондой эле көпчүлүк клубдарда санитардык маселе бар экенин айтты. "Кээси жер төлөөдө болгондуктан өрт коопсуздугу каралган эмес", - дейт шаардык депутат айым.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД