Токмокто милиция кызматкерлери унаа уурусун кармашты

Токмокто милиция кызматкерлери унаа уруусун кармашты. Бал туралуу Чүй ШИИБнин пресс-кызматы билдирди.

Токмок ШИИБнин кызматкерлери автоунаанын уурдаган деп шектелип жатканды камакка алышты.

Өткөн жуманын соңунда ички иштер органдарына Токмок шаарындагы 3- кичи районунун 51 жаштагы тургуну, белгисиздер түнү менен короодон анын ВАЗ-2106 машинесин уурдап кетишти деп кайрылган.

Ыкчам-иликтөө иш чаранын найтжысында кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана Токмок ШИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун тейлөөчү бөлүмдүн кызматкерлери биргеликте шектүү делген адамды камакка алышты. Ал 39 жаштагы жергиликтүү жашоочу болуп чыкты. Автомашина табылган.

Иликтөө бөлүмү иштерин токтото элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД