Бишкек – Ош жолундагы 15 кафеде санитардык норманын одоно бузулушу катталган

Бишкек – Ош жолундагы "Париж" аттуу коомдук тамактануу жайларында санитардык нормалардын одоно бузулганы катталды. Бул тууралуу журналисттерге Жайыл райондук санитария, ветеринария жана фитосанитардык инспекциянын аймактар аралык бөлүмүнүн жетекчиси Кубатбек Чойбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы инспекция ишин баштаганда Суусамыр өрөөнүндө айдоочулар арасында популярдуу делген кафелерди текшеришкен.

"Парижде" жалпысынан 15 коомдук тамактануу жайы бар. Өткөн жылдын августунда башталган текшерүү учурунда дээрлик бардык кафелерде мыйзам бузуу катталган. Алардын ээлерине кемчиликтерди толуктоо үчүн кагаз түрүндө эскертүү берилген.

Чойбеков текшерүүнүн жыйынтыгында коомдук тамактануу жайларындагы абалды жакшыртууга мүмкүн болгонун билдирди. Ошого карабастан инспекция кафелерге байланышкан 25 ишти сотко жиберген. Аларды учурда прокуратура органдары текшерүүдө.

Андан сырткары коомдук тамактануу жайлардагы дагы бир көйгөй – бул курулуш жүргүзүүгө уруксаттын жоктугу. 15 кафенин төртөөндө гана курулуш боюнча уруксат кагазы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД