БШКнын жетекчиси депутаттарга төш белги саткан деп күнөөлөнүп жатат

"Борбордук шайлоо комитетинин жетекчиси жергиликтүү кеңештин депутаттарынан төш белги жана депутаттык күбөлүгү үчүн акча алган деп күнөөлөнүп жатат", - деп бүгүн, 26-февралда, мыйзамдуулук, укук сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Эркин Сакебаев билдирди. Анын айтымында, бул тууралуу сөз БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын катында жазылган.

"Кыргызстан жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин теңтөрагасы Жеңишбек Молдокуловдун айтымында, 2012-жылдын ноябрь айында жергиликтүү кеңештерге 7 545 депутат тандалган. "Бюджетте алар үчүн төш белги жана күбөлүк даярдоо үчүн 3 млн 465 миң сом каралган. Тендер өтүп, анда "Статус" компаниясы жеңип чыккан. Ал ашыра жогорулатылган баалар менен заказды аткарды. Бирок БШКнын жетекчиси Абдраимов ар бир депутаттан кошумча 700 сом талап кылган. Чогулган 4 млн 900 миң сомго ал 3,7 миллионуна микроавтобус жана "Лексус LX-570" маркасында унаа сатып алган. Бул жерде депутаттын статусу боюнча мыйзам жана бюджеттик мыйзам бузулуп жатат. Биз генералдык прокуратурага кайрылганбыз. Бирок ал эки айдан бери эч кандай чара көрбөй келет", - деди Молдокматов.

Комитеттин төрагасы Кенжебек Бокоев мыйзам бузуу боюнча шектенүүлөр бар, "ошондуктан сүйлөшүү учурунда БШКнын жетекчисинин өзү жана Генералдык прокуратуранын өкүлү да болуусу зарыл", - деп белгилеп, маселени кайрадан кароону башка күнгө жылдырууну сунуш кылды.

Молдокматов Антикоррупциялык кызматтан да бир өкүлдү чакыруу зарыл экенин кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД