Россиялыктар Таласта жер жемиштерди кайра иштетүүнү пландап жатышат

Россиялык инвесторлор Талас облусунда жер жемиштерди кайра иштеп чыгуучу завод курууну пландаштырууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда, Манас районунун акими Эдил Күзөбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда завод куруу боюнча сүйлөшүүлөр гана жүрүп жатат. Заводдун кубаттуулугу күнүнө 12-15 тонна жемишти иштеп чыккыдай болот. Көбүнчө томат пастасын өндүрүү каралууда.

Күзөбаев Манас районунда эч кандай өндүрүш жоктугун белгиледи. Райондун тургундары негизинен айыл чарба жана тейлөө тармагынын эсебинен жашашат. Ошондуктан жогорудагыдай өндүрүштүн курулушу райондун өнүгүүсүнө жакшы түрткү болуп берет деген пикирин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД