Бишкекте эскилиги жеткен 70дей жарнамалык конструкция алынды

Бишкек мэриясынын жарнама департаментинин кызматкерлери Ленин жана Биринчи Май райондук акимиатынын өкүлдөрү менен эскилиги жетип, эрежеге жооп бербеген 68 жарнамалык конструкцияны алышты. Бул тууралуу "ВБ"га департаменттен билдиришти.

Конструкцияларды алуу Бишкек мэриясынын токтомунун негизинде ишке ашты.

Комиссиялык рейд учурунда Некрасов жана Толстой көчөлөрүндө өз алдынча илинген, эскилиги жетип, эрежеге туура келбеген жарнамалык конструкциялар алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД