"Кыргызгаз" МБКга болгон карызын майдалап төлөмөй болду

"Кыргызгаз" ААКы менен Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) дебитордук карызды акырындык менен төлөп берүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу МБКнын төрагасы Кубанычбек Кулматов бүгүн, 26-февралда, билдирди.

Анын айтымында, "Кыргызгаздын" МБКга болгон карызы 2004-2005-жылдары чогулган. "Соттоштук, компаниянын мүлкү толугу менен камакка алынды. Бирок ТЭЦке газды алып келүү маселеси чыкканда биз кол жайып калуудабыз. Эгер үйлөргө газ бербесек суук болот. Бул экономикалык маселеге караганда социалдык-саясый маселе. Ошондуктан биз бул процессти токтотууга аргасыз болуудабыз", - деп билдирди Кулматов.

МБКнын төрагасы келишимге ылайык "Кыргызгаз" жыл сайын 5 млн сомдон төлөп турат. Өз кезегинде карызды төлөө мөөнөтү көп убакытка созулуп кетүүдө.

"Бирок бүгүн "Кыргызгазды" сатуу маселеси турат. Бизге белгилүү болгондой сатып алып аткан тарап, компаниянын бардык дебитордук карызын төлөп берет", -деди ал.

Эскертсек, "Кыргызгаздын" Мамлекеттик бажы кызматына болгон карызы 200 млн сомду түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД